fbpx

Технополис - тиричилик техникасынын кеңири тандоосу, эң арзан баалар, бөлүп төлөөнүн жана насыянын ар кандай варианттары

Товарлар каталогу

Каталогду жашыруу

Жаңылыктар

  • Бөлүп төлөөнүн ар кандай варианттары!

    «Технополис» компаниясы, товарды бөлүп төлөөнү баштапкы төлөмү менен жана баштапкы төлөмү жок, банк кызматын колдонуу менен бирге банктын кызматысыз алуу үчүн ар кандай...

 

Көңүл буруңуздар!
Күндүн товары
kondiczioner_tcl_tac-7chs-xa21_3

Кондиционер
TCL TAC-EL09INV/R91

 

 

Бөлүп төлөө
ар кандай шарттары!
бытовая техника в рассрочку

 

Бөлүп төлөө

Жеткирүү

Орнотуу

Товарды өз алдынча жеткирүү - 500 сомго чейин арзандатуу!

Урматтуу достор, «Технополис» компаниясы сиздерди тиричилик техникасын сатып алууга, жакындарыңызга белекке берүү үчүн, маанилүү окуяга карата, же кызматкерлерди шыктандыруу үчүн Белек сертификаттарын сатып алууга чакырат. Белек сертификаты бардык учурлар үчүн эң сонун белек!

Подарочный сертификат на бытовую технику от Технополис

Подарочный сертификат на бытовую технику от Технополис

Кепилдик берүүчү жана күрөө жок НАСЫЯГА тиричилик техникасы

 

ТОВАРДЫ НАСЫЯГА АЛУУДАГЫ 3 КАДАМ:

1. «Технополис» компаниясында каалаган товарды тандап, сатуучудан товардык чек алыңыз.

2. Банкты тандап, бардык керектүү документтерди ошол жерге алып келиңиз.

3. Банктан билдирүү алып, «Технополис - кардарларды тейлөө борборунда» товарларга алмаштырыңыз.

 

ААК «Бакай Банк»

  Тиричилик техникасын насыяга алуунун шарттары – «Тунук»

Суммасы

5000 сомдон 200 000 сомго чейин

Мөөнөтү

3 айдан 24 айга чейин

Пайыздык чен

24% - айлык акы проектисинин катышуучулары жана ААК Бакай Банк пенсиондук картасын кармоочулар үчүн

28%дан баштап – башка категориядагы жарандар үчүн  

Баштапкы төлөм Кереги жок
Кепилдик берүү

100 000 сомго чейинки товарлардын наркы үчүн:

  • кепилдик берүүчүсүсүз.

100 000 сомдон жогору товарлардын наркы үчүн:

  • 1 кепилдик берүүчү.
Мөөнөтүнөн мурда төлөө Мүмкүн. Комиссиясыз
Алуучунун жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин (айлык акы проектисинин катышуучулары жана ААК Бакай Банк пенсиондук картасын кармоочулар үчүн 70 жашка чейин)
Киреше булагы 3 айдан баштап учурдагы иштеген жеринде
Зарыл болгон документтер 100 000 сомго чейин турган товар үчүн:
  • Алуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк;
  • Алуучунун кирешесин тастыктаган документтер.

100 000 сомдон жогору турган товар үчүн:

  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн паспорту, жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк;
  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктаган документтер.
Айлык акы проектисинин катышуучулары жана ААК «Бакай Банк» пенсиондук картасын кармоочулар үчүн 100 000 сомго чейин турган товар үчүн:
  • Алуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк.

100 000 сомдон жогору турган товар үчүн:

  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн паспорту, жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк;
  • Кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктаган документтер.

 

ААК «Дос-Кредобанк»

Тиричилик техникасын насыяга алуунун шарттары – «Тез»

Максаттуу топ 1. Каржылоого арыз жөнөткөнгө чейинки 3-12 ай мөөнөттө, туруктуу келишим булагына ээ болгон жумуш ордунан тастыкталган справкасы бар физикалык жактар.

2. 3 айдан аз эмес мөөнөттөн бери иштеп келе жаткан туруктуу бизнеске ээ жеке ишкерлердин учурдагы иштеп жаткан бизнеси бар деп тастыктаган (патент, лицензия, жеке ишкерлердин күбөлүгү жана/же башка) документтер.

3. ААК «Дос-Кредобанк» пенсиондук карта-эсебине ээ (кредиттик келишимдин аякташына дал келген учурда жаш курагы 65 жаштан жогору болбоосу шарт) пенсионерлер (бөлүп төлөөнүн максималдуу суммасы - 30 000 сомго чейин).

Валюта Сом
Суммасы 1000 сомдон 250 000 сомго чейин
Мөөнөтү 3 айдан 12 айга чейин - 100 000 сомго чейин
3 айдан 24 айга чейин - 100 001 сомдон 250 000 сомго чейин
Пайыздык чен Жылдык 29,9%
Төлөм жүргүзүү графиги Ай сайын, аннуитеттик төлөмдөр
Баштапкы төлөм 100 000 сомдон жогору турган товарга (товардын баасынын 10%)
Кепилдик берүү Банктын кредиттик комитетинин чечими боюнча
Камсыздоо Алынып жаткан товар/ кепилдик берүү
Катталуу убакытысы 30 мүнөт
Зарыл болгон документтер
  • Алуучунун паспортунун көчүрмөсү (жубайынын/жолдошунун паспортунун көчүрмөсү, нике тууралуу күбөлүк);
  • Акыркы 3-6 ай аралыгындагы Алуучунун ээлеген кызматы, чегерүүлөр жана кармап калуулар боюнча көрсөтүлгөн айлык акысы тууралуу справка;
  • Патент жана/же жеке ишмер (ИП) күбөлүгү (акыркы 3 айдагы квитанция), айылдык кеңештен мал/ жер үлүшү бар деген справка жана/же башка азыркы учурда иштеп жаткан бизнестин бар экендигин тастыктаган документтер;
  • Пенсиондук карта-эсебинен үзүндү (акыркы 3 ай аралыгында) же соц. фонддон справка.

 

ЖАК «ЭкоИсламикБанк»

Тиричилик техникасын насыяга алуунун шарттары

Кардар

Физикалык жак/ИП/ЧП – Кыргыз Республикасынын резиденти

Жаш курак

21 жаштан 68 жашка чейин (22 жаштан баштап - ата-энесинин бирөөсүнүн кепилдик берүүчү болуусу, же болбосо 25 жаштан же андан жогору болгон үй-бүлө мүчөсүнүн)

Каржылоонун валютасы

Сом

Каржылоонун суммасы

3000 сомдон 250 000 сомго чейин

Каржылоонун мөөнөтү

1 айдан 12 айга чейин

Каржылоону төлөө

Ар ай сайын бирдей үлүштөгү, каржылоонун негизги суммасын жана Банк тарабынан коюлган кошумча бааны камтыган төлөмдөр

Күрөөлүк камсыздоо

Күрөө катары алынып жаткан товар өзү чыгат     

Банк тарабынан коюлган кошумча баа

Жаңы кардарлар үчүн:

  • 9,3% 6 айга;
  • 17,6% 12 айга.

Мурунку кардарлар үчүн:

  • 8,3% 6 айга;
  • 15,8%  12 айга.
Комиссия 300 сом каржылоо алган учурда Банкка бир жолку төлөм жүргүзүү
Катталуу убакытысы  1 саат
Кошумча шарт Каржылоонун суммасында 100 000 сомго чейин:
  • баштапкы төлөм талып кылынбайт.
Каржылоонун суммасы 100 101 сомдон баштап 150 000 сомго чейин:
  • баштапкы төлөм минималдуу 10-20% жана бир кепилдик берүүчү.
Каржылоонун суммасы 150 001 сомдон баштап 250 000 сомго чейин:
  • баштапкы төлөм минималдуу 30% жана бир кепилдик берүүчү.
Баштапкы төлөм Каттоо кылган күнү каржылоону төлөө үчүн багытталат, Банк тарабынан коюлган кошумча баа калган суммага эсептелет
Милдеттүү шарт Каржылоо алуу үчүн зарыл болгон документтердин бардыгы менен камсыз кылуу

 

ПАЙДАЛУУ МААЛЫМАТ

Насыяны каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси

     Каттоо үчүн болгону 2 документ талап кылынат: паспорт жана айлык акы тууралуу справка/ патент же болбосо («Элкарт» айлык алуучу картасы бар болсо же «Элкарт-Бизнес» (ИП жана ЧП үчүн) Кыргыз Республикасынын каалаган банкында) - айлык акы тууралуу справканын ордуна эсептен электрондук үзүндү (выписка). Үзүндү насыя каттоо учурунда банктын өзүндө катталат. Бул кызматты колдонуу үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемесин жүктөп алып, колдонуу зарыл.

Алуучунун/кепилдик берүүчүнүн ким экенин тастыктаган жана жашап жаткан жеринен керектелген документтер тизмеси:

  1. Алуучунун ким экенин жана жашаган жеринен тастыкталган документ (паспорт, вид на жительство, чыныгы аскердик кызматта жүргөн жарандар үчүн аскердик билет, офицердин күбөлүгү);
  2. Жашап жаткан жеринен справка керектелбейт:
  • эгер жаңы Алуучу Кыргыз Республикасынын өзү катталган облусунда насыя алууну каалап жатса;
  • 5 күндөн көп болгон төлөм убактысынан мурунку Банктан алынган каржылоо акыркы 12 ай убактысында төлөм мөөнөтүн өткөрбөгөн, кайрадан каржылоо алып жаткан кардарлар үчүн белгилүү аймакта катталганына карабастан жашап жаткан жеринен справка керектелбейт;
  • Кыргыз Республикасынын каалаган банкы үчүн «Элкарт» же «Элкарт-Бизнес» (ИП жана ЧП үчүн) айлык акы картасына ээ болгон учурда - эсептен электрондук үзүндү (выписка). Үзүндү насыя каттоо учурунда банктын өзүндө катталат. Бул кызматты колдонуу үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемесин жүктөп алып, колдонуу зарыл.

     Жашап жаткан жеринен справка - керектелет, эгер жаңы Алуучу Кыргыз Республикасынын башка облусунда катталып, насыяны жашап жаткан жеринен бөтөн Кыргыз Республикасынын облусунан алууну кааласа.

 

Эч кандай банктын кызматысыз жана кирешени тастыктабастан, тиричилик техникасын баштапкы төлөм менен БӨЛҮП ТӨЛӨӨ

Бөлүп төлөө үчүн төлөм жүргүзүү сатуучунун кошумча баасын коюу менен бирге 4 айга чейинки мөөнөткө берилет:

  Товардын наркы 
Кошумча төлөм 
Башт.
төлөм
2 ай 
3 ай 4 ай
1 000 - 9 990 сом 1200 сом 1500 сом 1800 сом 30%
10 000 - 19 990 сом 2000 сом 2500 сом 3000 сом 35%
20 000 - 29 990 сом 3000 сом 3500 сом 4000 сом 35%
30 000 - 39 990 сом 4000 сом 4500 сом 5000 сом 45%
40 000 - 50 000 сом 5000 сом 5500 сом 6000 сом 50%

Зарыл болгон документтер: Паспорт.
Кошумча шарттар: Баштапкы төлөм төлөгөндөн кийин, негизги төлөм товардын калган наркынын тең үлүшүндө, келишим боюнча ар бир аптада же ар бир айда жүргүзүлөт.

Кошумча кызмат көрсөтүү: Товарды жеткирип берүү дареги боюнча бөлүп төлөөнү каттоо.

 

Баштапкы төлөмсүз банктын кызматы аркылуу тиричилик техникасын БӨЛҮП ТӨЛӨӨ

ААК «Бакай Банк»

Бөлүп төлөө үчүн төлөм жүргүзүү сатуучунун кошумча баасын коюу менен бирге 6 айга чейинки мөөнөткө берилет:

  Тиричилик техникасын сатып алуудагы бөлүп төлөөнүн шарттары

Суммасы

5000 сомдон 200 000 сомго чейин

Мөөнөтү

3 айдан 5 айга чейин

Кепилдик берүү

100 000 сомго чейинки товарлардын наркы үчүн:

  • кепилдик берүүчүсүсүз.

100 000 сомдон жогору товарлардын наркы үчүн:

  • 1 кепилдик берүүчү.

Мөөнөтүнөн мурда төлөө

Мүмкүн. Комиссиясы жок

Алуучунун жаш курагы

21 жаштан 65 жашка чейин (айлык акы проектисинин катышуучулары жана ААК Бакай Банк пенсиондук картасын кармоочулар үчүн 70 жашка чейин)

Кирешенин булагы

3 айдан баштап учурдагы иштеген жеринде

Зарыл болгон документтер

100 000 сомго чейин турган товар үчүн:
  • Алуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк;
  • Алуучунун кирешесин тастыктаган документтер.

100 000 сомдон жогору турган товар үчүн:

  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн паспорту, жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк;
  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктаган документтер.
Айлык акы проектисинин катышуучулары жана ААК «Бакай Банк» пенсиондук картасын кармоочулар үчүн 100 000 сомго чейин турган товар үчүн:
  • Алуучунун, анын жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк

100 000 сомдон жогору турган товар үчүн:

  • Алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн паспорту, жолдошунун (жубайынын) паспорту, нике тууралуу күбөлүк
  • Кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктаган документтер
«Технополис» тарабынан коюлган кошумча баа 3 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 4%;

4 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 5%;

5 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 6%;

6 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 7%.

 

ААК «Дос-Кредобанк»

Бөлүп төлөө үчүн төлөм жүргүзүү сатуучунун кошумча баасын коюу менен 6 айга чейинки мөөнөткө берилет:

  Тиричилик техникасын сатып алуудагы бөлүп төлөөнүн шарттары

Максаттуу топ

1. Каржылоого арыз жөнөткөнгө чейинки 3 ай жана көбүрөөк мөөнөттө , туруктуу келишим булагына ээ болгон жумуш ордунан тастыкталган справкасы бар физикалык жактар.

2. 3 айдан аз эмес мөөнөттөн бери иштеп келе жаткан туруктуу бизнеске ээ жеке ишкерлер.

3. Пенсиондук карта-эсебине ээ болгон пенсионерлер (бөлүп төлөөнүн максималдуу суммасы 30 000 сомго чейин).

Валюта Сом
Суммасы 1000 сомдон  250 000 сомго чейин
Мөөнөтү 3 же 6 ай
Пайыздык чен 0%
Төлөм жүргүзүүнүн графиги Ар бир айда бирдей үлүштө
Баштапкы төлөм 100 000 сомдон жогору турган товарга (товардын баасынын 10%)
Кепилдик берүү Банктын кредиттик комитетинин чечими боюнча
Камсыздоо Алынып жаткан товар
Тейлөө кызматы учун бир жолку комиссиясы 300 сомдон баштап
Зарыл болгон документтер
  • Алуучунун паспортунун көчүрмөсү (жубайынын/жолдошунун паспортунун көчүрмөсү, нике тууралуу күбөлүк);
  • Акыркы 3-12 ай аралыгындагы Алуучунун ээлеген кызматы, чегерүүлөр жана кармап калуулар боюнча көрсөтүлгөн айлык акысы тууралуу справка;
  • Патент жана/же жеке ишмер (ИП) күбөлүгү (акыркы 3 айдагы квитанция), айылдык кеңештен мал/ жер үлүшү бар деген справка жана/же башка азыркы учурда иштеп жаткан бизнестин бар экендигин тастыктаган документтер;
  • Пенсиондук карта-эсебинен үзүндү (акыркы 3 ай аралыгында)
«Технополис» тарабынан коюлган кошумча баа 3 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 5,5%;

6 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө менен, товарлардын наркынын 8%.

ТАПШЫРЫКТЫ ЖОБОЛОШТУРУУ

Тапшырыкты бир нече ыкма менен жоболоштурууга болот.

Сайтта:

  • Товарды тандап алыңыз жана товардын жанындагы «Баштыкка салуу» же «WhatsApp аркылуу» деген баскычты басып, аны баштыкка кошуңуз.
  • Сайттын жогорку оң бурчундагы Баштыкка кириңиз.
  • «Тапшырыкты жоболоштуруу» деген баскычты басыңыз.
  • Атыңызды, телефонуңуздүн номурун жана жеткирүүнүн дарегин киргизиңиз (керек болсо, кошумча дарек).
  • Төлөмдүн жолун тандаңыз.
  • Жеткирүүнүн жолун тандаңыз.
  • «Тапшырыкты тастыктоо» деген баскычты басып, оператордун чакыруусун күтүңүз (15 мүнөткө чейин).

Телефон аркылуу:

0 (500) 700 305 (О!)

0 (999) 700 305 (Megacom)

Mессенджер аркылуу:

WhatsApp 0 (500) 700 305 (же товардын жанындагы «WhatsApp аркылуу» деген баскычты басыңыз).

WhatsApp 0 (999) 700 305

Telegram 0 (500) 700 305

Кеңседе:

Бишкек ш., Кожевенная көч., 74/25 / «Дордой» базары, 24/1

Электрондук почта аркылуу:

Email: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮ ЫКМАЛАРЫ

Алынган товар үчүн бир нече ыкма менен төлөм жүргүзүү мүмкүн.

 

ЖЕТКИРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ

«Технополис» компаниясы Бишкек шаары боюнча чабармандар кызматы аркылуу товарларды, наркы 2 000 сомдон жана андан жогору, жеткирүүнү төмөнкү ирет менен акысыз жүргүзөт:

  • Эгерде тапшырык саат 9:00-дон 15:00-го чейин кабыл алынса, жеткирүү күндүн экинчи бөлүгүндө жүргүзүлөт.
  • Эгерде тапшырык саат 15:00-дон 21:00-го чейин кабыл алынса, жеткирүү кийинки күндүн биринчи бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Чабармандын милдети: Чабарман кардардын көрсөтүлгөн дареги боюнча тапшырыкты ташуу коштомуна ылайык жеткирүүгө милдеттүү. Кардар менен бирге товардын тышкы жана ички бузугунун бар жоктугун жана паспортко ылайык приборлордун комплекстеринин толуктугун чогу текшерип чыгат. Төлөмдү кабыл алат.

Тактоо:

  • Салмагы 30 кг чейинки өлчөмдүү жүктөрдү көп кабаттуу үйлөргө көтөрүп чыгууда төлөмдөн тышкары бир кабатка 50 сомдон төлөнөт.
  • Салмагы 30 кг ашык чоң көлөмдүү жүктөрдү көп кабаттуу үйлөргө көтөрүп чыгууда төлөмдөн тышкары бир кабатка 100 сомдон төлөнөт.

Буюмду коммуналдык түйүндөргө кошуп берүү жана орнотуу, комплектүүлүгүн чогултуу, буюмдун аткаруу милдетин түшүндүрүү чабармандын милдетине кирбейт.

«Технополис» компаниясы акы төлөп жеткирүүчү товарларды Бишкек шаарынан тышкары төмөндөгүдөй иретте жеткирүү кызматында ишке ашырат:

Бишкек шаарынан тышкары тапшырыкты жеткирүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап бир күндүн ичинде аткарылат. Төлөм нак акчалай же банк аркылуу алдын ала которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн).

Чүй облусуна тапшырыкты жеткирүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап эки күндүн ичинде аткарылат. Төлөм нак акчалай же банк аркылуу алдын ала которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн).

Бишкек шаарынан тышкары жана Чүй облусу боюнча тапшырыкты жеткирүү наркы жеке иретте жеткирүү кызматы менен алдын ала сүйлөшүлөт.

Областык борборлорго товарларды жөнөтүү тапшырык кабыл алынган учурдан баштап үч күндүн ичинде аткарылат. Төлөм алдын ала банк аркылуу которуу жолу менен аткарылат. (эсеп-кысап реквизиттери «Төлөө реквизиттери» бөлүмүндө көрсөтүлгөн). Тапшырыкты жеткирүүнүн наркын жана келген жүктүн координаттарын жүк алып келем деген ташуучу менен жекече сүйлөшүлөт.

 

Бишкек ш. жана бүткул Кыргызстанда Технополистен тиричилик техникалары

     «ТЕХНОПОЛИС» компаниясы 2011-жылы уюшулган жана бүгүнкү күндө Бишкекте жана Кыргызстандын аймактарында тиричилик техника соода тармактарына ийгиликтүү киргизилген. Дүң жана чекене сатуу чөйрөсүндө динамикалуу өнүгүү менен биздин ынтымактуу жамаатыбыз жумуштагы туруктуулук жана тактык менен кенен түйүндөгү шериктердин ишенимине ээ болгон.
      Жоопкерчилик жана ачыктык биздин жамааттын өзгөчө бир мүнөзү болгондуктан, өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде бизге Кыргызстанда кең шериктеш түйүндөрдү түзүүгө жардам берди. Жумуштагы өзүбүздүн негизги эрежелерибиз деп – ыкчамдыкты, өзүбүздүн кардарларга болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүнү, аларды ар тараптан колдоону, чынчылдык менен көп мөөнөткө алар менен кызматташууну эсептейбиз.
      Биздин өсүшүбүздүн кезекки кадамы сиздердин көңүлүңүздөрдү бурган ушул веб-сайт болмокчу. Анын аткарган милдети азыркы учурдагы дүң шериктештердин кызматташтыгындагы маалымат аянты болуу жана аларды жаңы жемиштүү кызматташтыкка чакыруу, ишенимдүү жана туруктуу мамилелер менен чекене соода сатыктагы кардарлардын базасын кеңейтүү. Биз өзүбүздүн кардарларга дайыма ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана алардын ар бирин баалайбыз. Биз сиздерди да биз менен дос болууга чакырабыз.
      Биз ар дайым бардык окуялардан кабардарбыз жана баарына жардам берүүгө кубанычтабыз - биз бул жердебиз жана ар дайым жардам беребиз!